Үкү менен Мышык
I
Үкү, Мышык көк деңизде термелет
Буурчактай жашыл,кооз кайыкчан.
Балды жүктөп,көн акчаны эң керек
Беш фунттук бир кагазга ороп алышкан.
Жылдыздарды карап Үкү көңүлдүү,
Чыканактай гитарды алып төгүлдүү:
“О сүйүктүүм! Менин сүйүүм, сыймыгым!
Кандай гана татынасың, Мыймыйым!
Сен,
Сен,
Кандай гана татынасың, Мыймыйым!”
II
Айтат Мышык: “Сулуу кушсуң, дуйнөлүк!
Арбап жанды, ажайып го авазың!
Көп кечиктик, үй күтөлү үйлөнүп,
Кайдан эми алтын шакек табасың?”
Бир жыл, бир күн кезип жүрүп деңизди,
Күмүш чынар өскөн жерге келишти.
Түбүндө тур бир Торопой чаңырган,
Алтын шакек тумшугуна тагылган.
Жарк-журк,
Жарк-журк,
Алтын шакек тумшугуна тагылган.
III
“Бир шилингге сатасыңбы шакегиң,
О Торопой, көрчү терең ойлонуп?”
Айтты Донуз: “Азыр эле чечемин!”
Ал эртеси үйлөнүштү той болуп.
Айба туурап, этти коюп майдалан,
Дөбөдөгү Үндуктү да “жүр” дешти,
Кум жээгинде сузгу менен аймалан,
Ай нурунда кол кармашып бийлешти.
Бали,
Бали,
Ай нурунда кол кармашып бийлешти.
Translated by Кыялбек Урманбетов